Сүлүктүдө курал сактоонун эрежесин бузган үч жаран эскертүү алды

0
514

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашканга караганда, Сүлүктү шаарынын аймагында каттоодо турган ок атуучу куралдарды сактоо эрежелери, сактоо мөөнөтү, жардыруучу, күчтүү уулуу заттарды сактоочу кампалар текшерилди. 

Текшерүү иштеринин алкагында 500гө жакын кожолук текшерилип, ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган жарандарга укук бузуулар жөнүндө кодексинин ок атуучу, газ, пневматикалык, атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу беренеси менен эки жаранга протокол түзүлүп, үч жаранга эскертүү берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here