Кадамжайдагы Р-1 каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди 

0
699

Кадамжай районунун Жошук, Таш-Дөбө, Чекелик жана Көк-Тал айылын сугат суу менен камсыз кылуучу Р-1 ички чарбалык каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы кабарлады. 

Маалыматка караганда, аталган канал пайдаланууга берилиши менен 1000гектар жерге сугат суу берүү жакшырды. Ал эми каналдын узундугу 4,4 км, сыйымдуулугу  2,5метр кубду түзөт. Курулуш иштерине мамлекеттик казынадан 155,6 млн сом бөлүнгөн. 

“Буга чейин аталган каналдын  2,3 чакырым аралыгы  кошуна Өзбекстандын аймагы  аркылуу өткөндүктөн, 60%га чейин суу жоготууга учураган. Дюкер тибинде курулган бул уникалдуу долбоордун негизинде, жер асты менен 25 метр бийиктикке өз нугу менен  суу чыгарылган” – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here