«Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун өнөктөш райондорунда волейбол боюнча турнир өткөрүлдү

0
28

Өнүктүрүү, саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун алкагында 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өнөктөш райондордо аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Бул демилге жыл сайын өтүүчү «Зомбулукка каршы активдүү аракеттердин 16 күнү» глобалдык кампаниясынын негизинде өткөрүлүүдө. Демилгенин максаты – үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө кайдыгерсиз маданиятты калыптандырууга көмөктөшүү.

Турнирдин негизги максаты аялдар арасында спортту жайылтууга гана эмес, үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө, адам укуктарын жана этностук ар түрдүүлүктү сыйлоого багытталган. Зомбулуксуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай формаларынын өнүгүшүнө бөгөт койуу үчүн жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролуна өзгөчө көңүл бурулат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here