Ак-Сайда чек арада курман болгондордун ысымдары өздөрү жашаган көчөлөрүнө ыйгарылды

0
594

Бул тууралуу райондук бийликтен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, кечээ 17-сентябрда Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын 2021-2022-жылдагы окуяларда каза болгон алты тургунунун ысымдары өздөрү өскөн көчөгө ыйгарылды. 

Курман болгондордун ысымдарын ыйгарууга арналган иш чара алгач куран окуу менен башталды. Иш чарага район акими Учкунбек Жоробаев аны менен бирге баш болгон тийиштүү жетекчилер, айыл тургундары, аксакалдар ошондой эле  каза болгондордун жакындары катышты.

Белгилей кетсек, аталган айылда куралдуу кагылышууда алты жаран курман болгон. Алардын бири аскер кызматкери.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here