Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, бул мелдеш 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналып уюштурулган.
Мелдешке Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы күч түзүмдөрүнүн командалары
катышууда. Мелдеш эртең 8-сентябрда аяктайт.