Сүлүктүдө кыргыз-тажик чек арасында курман болгон жоокердин урматына спорттук мелдеш өттү

0
599

Сүлүктү шаарында 2022-жылда орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу калабада курман болгон Нурбек Баратовдун урматына спорттук иш чара өттү. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти.

Ага ылайык,  мелдешти Сүлүктү шаарынын жаштары уюштурган. Мелдеш спорттун кичи футбол түрү боюнча өтүп, ага облустун аймактарынан келген 16 команда катышты.

Иш чарага шаар мэри Болот Абдыжапаров баштаган бир катар жетекчилер жана шейит кеткен Нурбек Баратовдун тайэнеси ошондой эле шаар тургундары катышты.

Иш чаранын жыйынтыгы менен 1 — орунду Сүлүктү шаары, 2- орунду чек арачылардан түзүлгөн «Бөрү» отряды жана 3- орунду Лейлек районунан келген Кара -Булак командасы ээледи. Аларга Сүлүктү шаарынын жаштары уюштуруу тобу тарабынан кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here