Күнүнө Баткен шаарында 18 тонна таштанды чыгарылат

0
581

Бул тууралуу тазалык ишканасы маалымдаган.

Баткен шаарында калдыктар жайгашкан 1 таштанды таштоочу жай бар. Жалпы аянты 25 гектарды түзөт. Ал жайда жыл сайын болжол менен 6480 тонна калдыктар пайда болот. Тагыраагы шаардан бир күндө 18 тонна таштанды чыгарылат. Тазалык ишканасы жалпы 2270 кожолук, 7639 абонент, 325 коммерциялык уюмдар, 68 ашкана, кафе жана 98 юридикалык жактарды тейлейт.

Мындан улам таштандыны кайра иштетүү көйгөйү жаралат.

Баткен шаардык мэриясында катуу тиричилик калдыктарын бөлүп чогултуу, кайра иштетүү системасын жакшыртуу боюнча тегерек стол уюштурулду.

Иш чара КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Ош шаарындагы “ОРХУС” маалыматтык борбору тарабынан уюштурулду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймактык башкармалыктын башчылары, экология кызматкерлери жана калдыктарды кайра иштетүүнү колго алган жеке ишкерлер да катышты.

Баткен шаарынын вице-мэри Акылбек Орозов таштанды төккөн жайдын коопсуздугун, санитардык жана экологиялык ченемдерин эске алуу менен жакынкы арада таштанды төккөн жайдын санитардык-коргоо зонасын чектеп, тосмо орнотуларын айтты.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИС уюму аркылуу 10 млн. сомдук долбоордун алкагында таштандыларды кайра иштетүү, таштанды таштоочу полигонду рекультивация кылуу иштери башталарын билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here