Бүтүрүүчүлөрдүн унаа кортежине жол берген кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат

0
642

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Бул маселе Президенттин  Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев өткөргөн, коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча координациялык кеңешмеде каралды. Анда облус башчысы жол коопсуздугун камсыздоо,окуучулардын катышуусунда катталган жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма койду.

Ошону менен бирге, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүү кечелеринде кымбат баалуу унаалар менен кортежде жүрүүгө тыюу салынганын эскертип, мындай көрүнүштөргө жол берген кызматкерлер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.

Облус аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан айдоочулар жана жарандар арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. 

Ушул жылдын 5 ай аралыгында 85 жол-унаа кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20га кыскарган.

Ал эми балдар катышкан 25 жол кырсыгы катталган, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 учурга азайган.   

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here