Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга чакырды

0
7249

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сунуш Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу. Министрлик Пакистандагы нааразылык акцияларында Кыргызстандыктардын жабыркаганы жөнүндө маалымат жоктугун билдирди.

Пакистандын мурдагы премьер-министри, оппозициялык “Адилеттүүлүк үчүн кыймылы” партиясынын төрагасы Имран Хан 9-майда Исламабадда камакка алынган.

Имран Хан кармалгандан бери өлкө боюнча нааразылык толкундоолору башталып, кеминде жети киши набыт кетип, эки миңдейи кармалды. 

Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф Исламабадга жана Хандын кичи мекени Пенжабга армия киргизүүгө аргасыз болгонун билдирди. Бир нече провинцияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here