Өзүн милициямын деп алдаган жаран кармалды

0
817

Өзүн милициямын деп алдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички Иштер Министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 26-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну 43 жаштагы жеке ишкер арыз менен милицияга кайрылган. Анда 2023-жылдын 26-январь күнү саат 14:00 чамасында арыздануучунун уюлдук номуруна белгисиз атуул бир канча номурдан телефон чалып, анын үстүнөн компроматтык материалдар бар экендигин айтып, арыздануучунун өмүрүнө коркунуч жаратып, 300 000 сом (үч жүз миң ) акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, толук аты-жөнү белгисиз болгон жаран өзүн милиция кызматкери экендигин билдирип, арыздануучудан талап кылып жаткан акча каражатын Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына алып келүүсүн талап кылган.

2023-жылы 28-январь күнү саат 01:00 чамасында милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн негизинде, ал жаран талап кылып жаткан акча каражатын алган учурда кармалып, анын кийип турган курткасынын чөнтөгүнөн жогорудагы акча каражаты далил бюум катары табылып алынды.

Кармалган шектүү жарандын өздүгү такталып, ал эч жерде иштебеген Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 30 жаштагы жаран экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here