Баткен облусунда ВИЧ-СПИДге чалдыккандар көбөйдү

0
376

Бул тууралуу Баткен облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун  башкы дарыгери Авазбек Балтабаев “Салам медиага” билдирди.

Балтабаевдин айтымында, Баткен олусунун аймагында быйыл ВИЧ-СПИДдин 286 учуру катталган. Бул сан былтыркыдан 18 учурга көп.

286 учурдун 53% эркектер түзсө, 46 % аялдар түзгөн. Илдетти жуктургандардын 67% жыныстык жол менен жуктурушкан.

ВИч-СПИД энеден балага түйүлдүк учурунда жукпайт, төрөт мезгилинде жана эненин сүтү аркылуу жугат.

Негизинен бул илдет үч жол менен жугат: энеден балага, кан аркылуу жана жыныстык катнаш аркылуу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here