Баткен облусуна аба каттамдарынын саны көбөйдү

0
1153

Tez Jet авиакомпаниясынын учактары, жумасына Бишкек- Баткен-Бишкек аба каттамы боюнча Баткен шаарына эки жолу, Раззаков шаарына эки  жолу каттай баштады. Бул тууралуу Салам медиага Баткен аэропортунун директору Адыл Имаров билдирди.

Буга чейин учактар жумасына бир жолу каттап турган, 2022-жылдын 19-майынан тарта, ар жуманын шейшемби,бейшемби күнү Бишкек-Баткен-Бишкек каттамы ишке ашырылат. Ал эми ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү Бишкек-Раззаков-Бишкек авиа каттамдары болот деп кошумчалады Имаров.

Белгилей кетсек,буга чейин  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Tez Jet аба компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси каралган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here