Мамыржан Рахимов мурдагы кызмат ордуна кайтып келди

0
942

Рахимов Мамыржан Тойчиевич, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча, Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Президент  Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Мамыржан Рахимов 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жанжалдан соң, аймакты калыбына келтирүу максатында түзүлгөн бул кызматка дайындалган. Ошол эле жылы октябрь айында парламенттик шайлоо алдында кызматын тапшырган  болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here