Эл каттоо аяктоо алдында

0
240

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү аяктап жатат. Эл каттоо 3-апрелде аяктаган соң, 6-апрелге чейин контролдук кыдыруу өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистикадан билдиришти. Мындай иш-чара каттоого алынган жашоочуларды бир сыйра тактоо максатын көздөйт.

Он күнгө созулган бул өнөктүктө маалымат чогултуу электрондук ыкмада жүрдү. Анткени бул заман талабы дейт адистер.

Баткен облусунун статистика башкармалыгынын жетекчисинин  орун басары Жаркынбай Закиров, облуста өнөктүккө 2087 эл каттоочу, 211 инструктор жана 42 координатор тартылганын айтты.

 

Ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн  санына жараша  жарандарга 40кка жакын  суроолор болууда. Жарандардын социалдык, демографиялык, миграциялык абалы жөнүндө суроолорго жооп алынат. Ушунун негизинде стратегиялык пландар түзүлүп, өлкөнү мындан ары өнүктүрүүгө пландар иштелип чыгылат, деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы эл каттоо 2010-жылы жүргүзүлгөн. 2020-жылга белгиленген эл каттоо, пандемиядан  улам токтотулган. Белгилей кетсек эл каттоо он жылда бир болот.Негизги максаты калктын санын так билүү жана социялдык экономикалык абал боюнча маалымат чогултуу болуп саналат.

Айжамал Абдикаарова

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here