Баткен районунун  Чоң-Кара айылында үч мекеме ачылды

0
309

Баткен районунун Чоң-Кара айылында 50 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы, ФАП жана  мечиттин ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жанаша жайгашкан үч объект, Бүткүл Дүйнөлүк  жаштар ассамблеясынын колдоосу менен курулду.

Ал эми, кечээ, 22-майда аталган уюмдун колдоосу менен Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында балдар бакчасы, ФАП жана дарыкананын курулушу башталды.

Белгилей кетсек, Чоң-Кара айылында беш миңге жакын эл жашайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here