Орусияда каракчылыкка шектелип үч кыргызстандык кармалды

0
924

Орусиянын Москва шаарындагы кыргыз мигранттарын карактоого шектелип Баткен облусунун 21 жаштагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 28 жаштагы жана Ош облусунун Кара-Суу районун 28 жаштагы тургундары кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар 26 жана 24 жаштагы кыргызстандык кыздардын жашаган батирине кирип келип, каракчылык менен кол салып, курал катары бычакты колдонушуп, зомбулук көрсөтүү менен эки кыздын кымбат баалуу телефондорун, акчаларын, зер буюмдарын алып кетишкен.

Бул факты боюнча Орусиянын ИИМинин тергөө бөлүмү тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here