«Нооруз-2024» майрамына карата, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана элге жайылтуу максатында, спорттун көк-бөрү, кыргыз күрөшү, таяк тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш түрлөрү боюнча чоң мелдештер уюштурулууда. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Спорттук мелдештер 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда өткөрүлөт.