«Манас» аэропортунда сөөгү табылган жаран. Шектүү Россиядан кармалды

0
1853

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 23-октябрында «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында автоунаанын жүк салуучу жайынан дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү колу-буту байланган абалда табылган. Ал чоң суммадагы акча ташып иштегени аныкталган.

Өз кезегинде окуяга тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал мурда бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон Ош шаарынын тургуну 1991-жылы туулган экендиги аныкталган. Бирок ал жаран изин жашырып качып кетип, ага эл аралык издөө жарыяланган.

ИИМ кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш чаралары улантылып, жогоруда аталган 1991-жылы туулган жүргөн жери аныкталып, Россиянын аймагында кармалып, камакка алынды.

Учурда кармалган кылмышкерди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here