Баткенде жол кырсыгынан Өзбекстандын 28 жаштагы жараны каза болду

0
1333

Иллюстрациялык сүрөт

Мындай маалыматты «Салам Медиага» облустук милициянын  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы билдирди. 

Ага ылайык, кырсык кечээ 19-февраль күнү болжол менен түнкү саат 22:04 чамасында, Баткен районунун Рават айылы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 300-чакырымында катталган. 

Баткен районунун Рават айылынын 30 жаштагы тургуну №2-Жол тейлөө ишканасына таандык болгон атайын автоунаасы менен чыгыштан-батышты көздөй унаа жолуна инерттик материалдарды себип бара жаткан мезгилде, арт жагынан удаалаш келе жаткан Өзбекстандын Ташкент шаарынын 28 жаштагы жашоочусу автоунаасын башкарып бара жатып, автоунаанын ролун башкаралбай атайын техниканын арт жагынан  сүзүп, жол кырсыгына учураган.  

Кырсыктан  Өзбекстандык жарандын жанында бара жаткан  28 жаштагы жубайы ооруканага жетпей каза болду. Ал эми айдоочунун 4 жаштагы кызы алган жараатынан улам Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилди.  Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here