Кадамжайда үйүнө баңгизат сактаган тургун кармалды 

0
1275

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тугунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 84 граммдан ашуун өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат табылган.

Табылган затка тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп, алынган зат «опийим» экени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган тургун мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here