Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө кармалган 43 жаштагы тургундун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын жашаган турак үйүнөн 5 гр кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо алынган. Мындан сырткары анын кылмыштуу шериги 50 жаштагы жарандын жашаган турак үйүнө тинтүү учурунда 4гр кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо акт түзүп алынган.
Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда аз өлчөмдөгү “гашиш” наркотикалык зат экендиги аныкталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.