Кыргызстанда болгон жер силкинүүдөн  кийин 214 объект текшерилди

0
536

23-январда катталган кыргыз-кытай чек арасынлдагы жер тирирөөдөн кийин Кыргызстандын бардык аймагында курулуп жаткан көп кабатту үйлөрдүн абалы текшерилди. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча учурда курулуп жана жарандар жашап жаткан 214 турак жайда курулуш дефекттери жана жаракалар бар же жок экендиги визуалдык текшерүүдөн өткөрүлдү.

Алардын 101и Бишкек шаарында, 25и Чүй облусунда, 8и Ысык-Көл облусунда жана Нарында 6 объект текшерилди.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында жер титирөөдөн кийин эч кандай бузулуулар жана жаракалар табылган жок. Жарандардын кооптонуусуна негиз жок,» – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here