Баткенде экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

0
766

Баткенде социалдык тармактар аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратып жүргөн 27 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, кармалган жарандын үйүнө тинтүү учурунда  4 даана уюлдук телефон, 21 даана диск  жана 14 даана китептер алынган. Анын колдонгон интернет баракчасынан аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул аудио материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө  тыюу салынган  экстремисттик жана террористик уюмга  таандык экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча кармалган жаранга карата кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу  беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here