Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тараган видео боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында, кармалган жаран 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүгү үчүн аны коридорго алып чыгып, күч колдонгону маалым болгон.
Бул факты боюнча жазык кодексинин бейбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүруш иши башталды. Ал эми ур-токмокко кабылган окуучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда мугалим убактылуу кармоо жайына киргизилип, дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.