Баткенде Ак-Татыр каналы тазаланууда

0
486

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймагын сугат суу менен камсыз кылып турган Ак-Татыр каналы ашар ыкмасы менен тазаланууда. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти. 

Бул аракет жыл сайын жаз алды менен жергиликтүү тургундардын демилгеси менен жүзөгө ашып келет. Аталган каналдын узундугу 14 чакырымды түзөт.  Элдик ашарга жергиликтүү тургундар катышты.

Учурда Баткен райондук суу чарба башкармалыгы вегетация мезгилине даярдыктарды көрүү максатында оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүп, айыл аймактарда каналдарды атайын техникалардын жардамы менен тазалап жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here