Баткенде сутка ичинде эки өрт кырсыгы катталды

0
748

Акыркы суткада Баткен жана Лейлек райондорунда эки өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Бак айылында жеке менчик Бала-Бакча өрттөнгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Ал эми Раззаков шаарында турак үйдүн алдындагы жаңгак  дарагы өрттөнгөн. Жерине өрт өчүргүчтөр тартылып, саат 23:21де чектөөгө алынган өрт саат 00:11де толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жана материалдык чыгымдар болгон эмес.

Ал эми өлкөдө сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, Анын экөөсү Бишкек шаарында, төртөөсү Ош облусунда жана алтоо Чүй облусунда катталган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here