Лейлекте жубайына зомбулук көрсөткөн тургун кармалды

0
446

Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 34 жаштагы тургуну мас абалында жубайына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жарандын үстүнөн анын жубайы мас абалда уруп-тепкилеп зомбулук көрсөткөнүн билдирип арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча жазык кодексинин Уруп сабап кыйноо беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
зомбулук көргөн аялга коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here