Баткен районунун Самаркандек айылына 50 миң долларлык жашылча жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.
Учурда жаңыдан курулуучу логистикалык борбордун керектүү жабдыктары келип түшүп, курулуш иштери башталган.
Логистикалык борбор жеке ишкер Махамат Жумабаев тарабынан каржыланып, USAID уюмунун Агро соода долбоору колдоо көрсөтүп, жалпы суммасы 50 миң долларлык жашылча жемиштерди сактоочу жабдууларды алып берет.
Автор: Сабира Бакирбек кызы