Баткенде 200 миң АКШ долларын опузалап алууга шектелип облус башчысынын кеңешчиси кармалды

0
2193

Кечээ 23-ноябрда көмүр казуучу ишкананын директорунан 200 миң АКШ долллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директорунан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалаганы аныкталган.

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here