Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын ички жолдоруна 2 чакырым жол асфальтталды. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Рустөмбек Худаяров билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Суу айылынын 1км 100м болгон Достук жана Орто көчөлөрүнө, 900м болгон Ынтымак жана Жаңы-Абад көчөлөрүнө асфальт төшөлгөн.