Лейлек районунун аймагында 16 чакырым аралыктагы жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы кабарлады.
Маалыматка караганда, 16 чакырым жолдун 6 чакырымы республикалык бюджеттен каржыланган. Жолдордун курулушуна 41млн сом каралган.
Бул каражаттар айыл аймактардын жергиликтүү бюджетинен, Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан,Лейлек районунун Өнүктүрүү фондунан жана үлүштүк гранттын эсебинен каржыланган.