Баткенде Тажикстандан электр зымдарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы катталды

0
678

Баткенде Тажикстандан 1,2 млн сомдук электр зымдарын мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүү фактысы аныкталды.  Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 20-ноябрда Баткен — Раззаков унаа жолунда чек арачылар тарабынан 31 жаштагы кыргыз жаранынын унаасынан 75 түрмөк электр чубалгалары табылган. Электр зымдары Тажикстанда өндүрүлгөн.

Аныкталган жүктүн баасы болжол менен 1 млн 200 миң сомду түзөт.
Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, териштирүү иштери үчүн кармалган жаран жана жүк тийиштүү органдарга өткөрүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here