Лейлекте мыйзамсыз аңчылык кылган эки тургун кармалды

0
849

Лейлектин Суулуу-Жай жайлоосунда мыйзамсыз аңчылык кылган эки тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандар Лейлектин Тогуз-Булак айылынын 58 жана 60 жашташы тургундары болгон. Алар эч бир документтери жок сайсыз 2 даана ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш жаза кодексинин Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү — беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here