Камбар-Ата-1 ГЭСи: Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 5 млн доллар берет

0
383

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСнин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион доллар бөлөт. 14-ноябрда тиешелүү макулдашууга Бишкекте Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөлүк банк буга чейин каражат жеңилдетилген насыя жана грант катары берилерин кабарлаган. Анын ичинен 3 миллион доллар 10 жылдык жеңилдик мезгилин эске алганда 50 жылга пайызсыз карыз катары бөлүнөт. Калган 2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө берилет.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания «Камбар-Ата-1» ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here