Өкмөт кыргыз-тажик чек арасын жаңы жылга чейин чечүүнү пландап жатат

0
1167

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жакырчылык жана теңсиздик» улуттук өнүгүү форумунда билдирди.

Ал быйыл Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо толук аяктаганын кошумчалап, «Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери берген тапшырмаларынын үстүндө иштеп жатабыз, жаңы жылга чейин чек ара маселелери чечилгенин билдиршибиз керек», – деп баса белгиледи.

Эске салсак, октябрь айында Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшкан.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, документке эки тараптын макулдашуусу менен кол коюлуп, түзүлгөн келишимдер бардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз боло алат – деп белгилеген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here