Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын көрүүсү акысыз текшерилет

0
72

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду  мындан ары «Мамлекеттик кепилдиктер» программасынын алкагында 18 жашка чейинки мектеп окуучуларынын көрүүсү акысыз текшерилерин кабарлады.

Аталган фонддун маалыматы боюнча, текшерүү көйгөйлөрдү алгачкы этапта аныктоого, окуудагы көрсөткүчтөрдү жогорулатууга жардам берет. Бул программа көрүү курчтугун ченөө жана офтальмологдун кеңешин камтыйт. 

Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу жетиштүү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here