Облустук милициядан билдиришкендей, маңзат колдонууга шектелип, Кадамжайжын 34 жаштагы тургуну кармалды.
Шектүү Баткен шаарынан кармалып, тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү бангизатына окшогон зат табылып алынган. Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда 2,72 граммдан ашуун “гашиш” наркотикалык зат экендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.