Кадамжайда жаңы метеостанция ишке кирди

0
67

Бүгүн, 9-декабрда Кадамжайдын Майдан айылында климаттык коркунучтар жана табигый кырсыктардан коргоо максатында жаңы эрте эскертүү системасынын метеостанциясы ишке киргизилди.  Майдан айылында орнотулган бул метеостанция аймактагы төрт станциянын бири болуп, жакын арада Барпы, Жаны-Ноокат жана Орозбеков аймактарында дагы ушундай станциялар иштей баштайт.

Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция табигый кырсыктарды эрте аныктап, маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу алдын ала болжолдоо сапатын жакшыртууга, ошондой эле өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул метеостанциялар БУУӨП жана Өзгөчө кырдаалдар мигистрлиги тарабынан өлкөдөгү табигый кырсыктарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ишке ашып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here