Сузактагы кырсыкта жабыркагандарга акча бөлүндү

0
450

Сузактагы “Манас айтуу” иш-чарасында болгон кырсыкта жабыркагандарга президенттин фондунан акча бөлүнгөнүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Камчыбек Ташиев билдирген.

Ташиевдин айтымында, президент Садыр Жапаров бул ишти иликтөө маселесин УКМКнын төрагасына тапшырган. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын ар биринин дарылануусуна президенттик фондтон 200 миң сомдон бөлүнгөн. Орто даражадагы жаракат алгандар 50 миң сомдон алышат.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да балдардан кабар алып, ата-энелер менен жолукту.

Расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда.

Эске салсак, 2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас айтуу» иш-чарасы өтүп жатканда «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, 30 бала жабыр тарткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь