Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, быйыл Кыргызстанда «Өлбөс полк» жүрүшү өткөрүлбөйт. Министрлик мындай чечимди коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен кабыл алды.
«ИИМ Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында адамдар көп топтолгон жерлерде укук тартибин бузуу жана кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алууга жана болтурбоого багытталган чаралардын комплексин көрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.






