Салам медиасынын журналисти Гүлбарчын Амирова кургак учук оорусу боюнча коомчулуктун маалымдуулугун арттырууга багытталган материалы радио багыты боюнча биринчиликти багындырды.
Белгилей кетсек, USAIDдин колдоосу менен ишке ашкан “Кургак учукту айыктыруу долбоору” дары дармектерге туруктуу кургак учук менен ооруган адамдарды диагностикалоодо жана дарылоодо Кыргызстанга көмөк көрсөтүп келет.
Натыйжада өлкөдөгү кургак учукка каршы күрөшүү борборлору санариптештирилип, кыска аралыкта ооруну аныктоо жана дарылоонун натыйжалуулугу артты.
Маселен мурда 90 күнгө созулган дарылардын таасирин аныктоо жумуштары 5 күнгө кыскарган.






