Баткенде жолдо бараткан  автоунаа жарылып кетти

0
3154

Бул тууралуу  Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады. Окуя кечээ 6-декабрда  саат 10:00дөр чамасында болгон. 

Өзбек жаранына тиешелүү  “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаа, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, Кадамжай районунун Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда жарылган. 

Кырсыктын себеби катары, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткендиги кабарланды.

Жарылган унаада 4 өзбек жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь