Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө жарыктандыруу иштери жүрүүдө

0
1628

Баткен райондук администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылында эскилиги жеткен электр маамычалары алмаштырылып жатат.

Андан сырткары аталган айыл өкмөтүнүн Ак Турпак айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу иштери жүрүп жатат. Бул иш аракеттер жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Жарыктандыруу жумуштары бүткөрүлсө жалпы 3 километрден ашуун борбордук көчө жарыктандырылат. Ошондой эле Зарташ айылындагы 20 даана электр мамыча жаңыланып, коопсуз жерлерге жылдырылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь