Самбо боюнча чемпионатка 55 өлкөдөн спортчу катышат

0
325

11-13-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу өтүүчү самбо боюнча дүйнө чемпионатына 55 өлкөдөн 420дан ашуун спортчу катышууга билдирүү жөнөткөн. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы «Газпром» спорттук комплексинде өтөт.

Учурда Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Ысык-Көл облусунда окуу-машыгууларын өткөрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь