Баткенде “сабалды” делген эки жашар кыздын абалы оор бойдон калууда

0
679

Өгөй атасы тарабынан сабалды делген эки жашар кыздын бүгүнкү абалы дагы деле оор.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын 18-июнь, саат 10:00’дөгү маалыматында наристенин абалы оор, тамакты да атайын аппарат менен беришүүдө. Тийиштүү даары-дармектер берилген менен наристе өзүнө келе элек.

Учурда абалы туруктуу болгон менен оор бойдон калууда. 

Белгилей кетсек, 7-июнда эки жаштагы кыз денесинен жараат алып, эс-учун жоготкон абалда аталган ооруканага жеткирилген. Аны сабоого шектелип 12-июнда өгөй атасы кармалган. Бүгүнкү күндө өгөй атасы бир айлык мөөнөттүк кармоодо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь