Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-августан 19-августка чейин туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жаткан кабарлады.
Жаандын натыйжасында, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.Мындан улам ӨКМ жарандарга жана эс алуучуларга эскертүүлөрдү берди.
— Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону башка күндөргө жылдырууну .
— Капчыгайларда жана дарыя жээктеринде эс алуудан убактылуу баш тартыңыз.
Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугун камсыз кылыңыз!
Эгер өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, тез арада 112 кызматына кабарлаңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.






