Кызыл-Кыяда уюлдук телефондорду беткапчан уурдаган жаран кармалды

0
433

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы тургуну телефон саткан дүкөнүнө белгисиз атуул дүкөндүн чатырын тешип кирип, сатыкта турган РS-5 жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. 

Бул арыз жазык кодексинин “Уурулук” беренеси негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун 16 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлери тарабынан аныкталып кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга жалпысынан 400миң сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган.

Уурдалган буюмдар өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь