Кара-Кол  каналы 2023-жылы бүткөрүлөт

0
2091

Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү Кара-Кол жерлигинде 27 жылдан ашык убакыт иштебей турган Кара-Кол каналы келерки жылдын күз айларына ишке берилет. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Кара-Кол каналын оңдоп-түзөө иштери үчүн мамлекеттик бюджеттен 27 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Маалыматка ылайык, учурда район аймагында Кара-Булак айыл аймагында сугат суу тартуу,  жаңы жерлерди өздөштүрүү долбоору жүрүп жатат.  Үч тараптуу биргеликтеги долбоордун алкагында 3 чакырымдан ашык аралыктан суу тартылат. Ошондой эле буга чейин Ага Хан фонду тарабынан 30 млн сомго 3 км. 530 диаметр суу түтүкчөлөрү сатылып алынган. Бүгүнкү күндө 1 чакырымга жакын аралыкка суу түтүктөрү орнотулган.

Учурда климаттык шартка байланыштуу монтаждоо жумуштары убактылуу токтоп турат, жаз айларынан тарта кайрадан улантылат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь