Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Бажычылар, Кадамжай районунун аймагында кыргыз жаранынын башкаруусунда «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай документи жок, салмагы 2056 кг түзгөн «керамика плиталар» табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 70 миң сомду түзгөн.
Ошондой эле факты кыргыз жаранынын башкаруусунда «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө да аныкталган. Унаадан 1796 кг керамика плиталар, 416 кг гранит плиталары жана 12 даана жарык жана музыка үчүн электрондук жабдуулар табылган. Товарлардын жалпы орточо базар баасы 194 450 сомду түзгөн.
Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.






