Кадамжай-Айдаркен жол каттамы убактылуу жабылды

0
463

23-июнь күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен  сел келип, Айдаркен — Кадамжай  унаа жолунун 35-40-чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, убактылуу жол каттам жабылган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка таянсак, Орозбеков айыл аймагынын Охна айылында сел жүрүүчү Таш Булак, Пүшкөбөт сайынан сел түшкөн. Охна айылында ички жолдордун 3.5 чакырым аралыгын жана бодо малдардан бир уй, бир даана койду, беш даана бетон шакекчесин, газ түтүктөрүнүн эки даана тирегичин сел суулары агызып кеткен.

Аталган жол каттамын калыбына келтирүү, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн  өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ыкчам топ, Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 2 грейдер, жеке менчик 1 экскаватор, жалпы 5 техника тартылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь